Милициянын кайгуул кызматы жасалма номер тагып айдаган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-ноябрда Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып болжол менен саат 12:12 чамасында Анкара көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги шек жаратып, авто унааны токтотушкан.

Кайгуул кызматкерлери автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган К.Т. аттуу айдоочу автоунаасына жасалма номер тагып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу токтотуучу короо-жайга киргизилип, ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИББнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.