Каракол шаарынын Маргарита Азина аттуу тургуну бийликке видеокайрылуу жолдоду. Анда ал саясатчылардын коронавируска каршы даяр эмес экендигин айткандыгын, бирок, ага саясатчылар эмес, эл даяр эместигин айткан.

“Стационарларда абал оор. Ушул убакта саясатчылар даяр эместигин айтышууда. Бирок, буга алар эмес, биз даяр эмес экенбиз. Биз өзүбүздү өзүбүз дарылай турганга, дарыканадагы баалар асмандап кетерине даяр эмес экенбиз.

Жумушу жок үйдө отуруп калганга, силердин сатып кете турганыңарга даяр эмес экенбиз”, – дейт ал.