Милициянын кайгуул кызматкерлери баңгизаттык заттарды мыйзамсыз даярдаганга шектүү катары 2 жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-декабрда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 04:30 чамасында Осмонкулов жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаа туура эмес абалда шек жаратып бараткандыктан кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган.

Авто унаанын керектүү документтерин жана айдоочунун өзүн текшерүү учурунда 1996- жылы туулган Т.Э. жана А.Т. аттуу айдоочу менен жүргүнчүсүнүн жанынан жашыл түстөгү спецификалык жыты бар баңгизаттык каражаттар табылган.

Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, Свердлов райондук ИИБнын ыкчам тергөө кызматын чыкырып, өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 268-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.