Социалдык тармакта курулушта иштеген жигиттин “Добушуңду сатпа” аттуу талкуу болгон ырга БШК убада кылган клибин тартып бергенин расмий сайты жарыялады.

Эске салсак, чыгармачылыкка кызыккан Азамат Кененбаев деген жигит “Добушуңду сатпа” деген аталыштагы ырды өзүнүн кесиптештерине ырдап жаткан учуру интернетке чыгып, коомчулук жакшы кабыл алган эле. Бул видео интернетке чыкканда эле Боршайкомдун башчылары Нуржан Шайлдабекова жана Абдыжапар Бекматов аткаруучу Азаматты жана ырдын автору журналист Асхат Субанбековду кабыл алып, ыраазычылык катын, белек-бечкегин тапшырышкан. Ошондой эле, бул ырдын клибин тартууну өз милдеттерине алышкан эле.

Аталган клипти өз ишинин профессионалы, белгилүү режиссёр Сүйүн Откеевдин колунан жаралып, колдоого алган ЕККУ болду.