25-сентябрдан 27-сентябрга чейин Каракол шаарында коомдук тамактануу жайлары тарабынан санитардык эрежелердин талаптарын сактоо боюнча текшерүү иш чарасы болуп өттү. Аталган иш чарага милиция кызматкерлери, санэпидемстанциясынын жана мэриянын өкүлдөрү тартылып, шаардын аймагында жайгашкан тойканалар, кафелер жана ресторандар текшерилип чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү көргөзгөндөй, коронавирус жугуштуу илдетинин жайылышынан улам, чектөөлөр киргизилгендигине карабастан, айрым коомдук тамактануу жайлардын администрациялары юбилейдик тойлорду, үйлөнүү үлпөттөрүн, куран окууту жана башка массалык түрдөгү иш чараларды өткөрүү боюнча заказдарды алышууда. 

Рейдтин учурунда, «Барскан», «Тору-Айгыр» жана «Хан-Тенгри» той каналарында мына ушундай маасалык иш чаралар санитардык эрежелердин талаптары сакталбастан  өтүп жаткандыгы аныкталган. Текшерүүчүлөр тарабынан маасалык иш чаралардын уюштуручулары менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, иш чаранын андан аркы өткөрүлүшү токтотулду. Санитардык эрежелердин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 293 беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) менен протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды.

Андан тышкары аныкталган фактылар Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин 127 прим. 1 беренеси (Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан текшерүү иштери өтүүдө.