Бишкекте өз кызын сабап өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу 7-июлда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү эртең мененки саат тогузда укук коргоо органдарына борбордун кичи микррорайондордун биринен кыздын жансыз денеси табылды деген билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери аталган дарек менен барып, 2005-жылы туулган А.А., аттуу кыз сабалып, алган жаракаттарынан улам көз жумганын аныкташкан.

Патрулдук милиция кызматкерлери шектүү катары, каза тапкан кыздын атасы 1971-жылы туулган Б.С. аттуу адамды кармашты.

Аталган факт, кылмыштардын жалпы реестрине катталып, иш тергелип жатат.