0-3

Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу жолдордо иш алып барууда. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен бирдикте жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, ошондой эле жумуш аптанын башталышына жарандардын унаа менен жолдо  тоскоолдуксуз жүрүү мүмкүнчүлүгүн толук кандуу камсыз кылуу  максатында Бишкек шаарынын  аймагындагы   баардык  көчөлөрдү “Тазалык” муниципалдык ишкананын  кар тазалоочу, карды сүрүп чыгаруучу  техникалык  унаалары менен  жолдун унаа жүрүүчү жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү бөлүктөрүн тазалашты.

Ошондой эле муздарды жана карларды эрүүтүүчү   инерттик каражаттарды  сээп, айдоочулардын жолдо жүрүүдө коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди алып барышты. Муну менен катар кар тазалоочу техникалык унаалардын иши толук кандуу үзгүлтүксүз жүрүп туруу үчүн, жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аларды коштоп жүрүштү.

Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугун сактоо менен   авто унаанын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып айдоого ошондой эле  кыштын күнү көрсөтүлгөн   ылдамдыктан ашырбай айдоого  чакырат.