Тоо-кен тармагы – бул биздин өлкөнүн экономикасынын таянычы, бюджетти түзүүчү тармак. Бул жаатта чукул арада чечилиши керек болгон чоң көйгөйлөр бар экендиги чын. Дүйнөлүк практикада тоо-кен тармагына чоң көңүл бурулуп, жогорку квалификациялуу адистер тартылууда. Бирок, Кыргызстанда бул тармакка жетиштүү көңүл бурулуп жатат деп айтуу эрте.

Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматтары боюнча, Кыргызстандын тоо-кен тармагына жыл сайын 2 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция салынат. Бул өлкөнүн бюджетине олуттуу салым. Кыргызстанда бул тармакта 25 миңге жакын адам иштейт. Өлкөбүздө 200дөн ашуун чалгындалган жана чалгындоо жүрүп жаткан кендер бар. 

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы өлкөбүзгө чоң киреше алып келген Кыргызстандын кен байлыктарын натыйжалуу иштетүүнү сунуштайт. Биринчиден, бул тармакка мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү жана аны мүмкүн болушунча ачык-айкын кылуу, коррупциянын тамырын кыркуу керек. Лицензия берүү механизмдерин күчөтүү керек. Мунун бардыгын ушул тармактын компетенттүү адамдары жасашы зарыл. Салык тутумун жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу зарыл. Анда кен иштетилген аймактардагы жергиликтүү тургундар жана инвесторлор үчүн бирдей шарттар ачык чагылдырылат.

«Улуттук байлык элге» принциби иштеши керек болгон кендер боюнча аукциондорду өткөрүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу шарт. Лицензияларды берүү тутумун тартипке келтирүү, ошондой эле аларды оңго жана солго бөлүштүрбөө керек. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасында кендерди иштетүүгө лицензия алуу мүмкүнчүлүгүн жөнөкөйлөтүү сунушталууда.

Мындан тышкары, мамлекеттик кен иштетүүчү чоң ишкана түзүү зарылдыгы турат. Бул жол менен жылдап сыртка чыгып кетип жаткан миллиондогон каражаттар мамлекеттин пайдасына калат.  Бул каражат баарыбызды ойлондуруп жаткан тышкы карызды жабууга жумшалат жана Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн негизги локомотиви болот. Мамлекеттин бюджетинде каражат көбөйсө социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жумушсуздук маселеси чечилип, айлык акы, жөлөк пул көбөйөт.

Мисалы, Кыргызстанда инвесторлорсуз өзүбүз иштете турган көптөгөн кен чыккан жерлерибиз бар. Бул атамекендик ишкерлерди колдоо, жарандарга жумуш орундарын түзүү, бюджеттик кирешелерди жогорулатууга жол ачат деп ишенебиз.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын программасы тарабынан сунушталган бардык механизмдер кендерди натыйжалуу иштетүүгө жана өлкөбүзгө чыныгы пайда алып келүүгө жардам берет.

Мирлан Амантуров, «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер

“Мекеним Кыргызстан” партиясы – жакшылыктын жарчысы! № – 4 Сиздин тандооңуз!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.