1-01

Социалдык тармактарда маркум белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов муфтий болуп жүргөндө айдоочусу болгом деген белгисиз жигиттин маркумдун бейитин алдында туруп эскерген видеосу жарыяланды.

Анда ал ыйлап аалымдын бир нече окуясын эскерген.

Анын ичинде маркум Чубак ажы Жалиловдун китепти жанынан да жакшы көргөнү, экс-депутат Нурбек Мурашев менен болгон чыры, депутат болуп калса элге саясаттын таза экендигин көрсөтө тургандыгын айтканы да бар.