Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-октябрда, медиктерге жана коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик сыйлыктар менен медиктер, ошондой эле пандемия менен күрөшкө тартылган куткаруу кызматынын, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.

«Мен жалпы элибиздин тилектештигин, ынтымагын дагы бир ирет өтө сыймыктануу менен белгилейм. Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам беришкен азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшкөндөрдүн каарман эмгектери менен таза ниеттерине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи.

«Сиздер журтубузга түшкөн оор күндөрдү бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет менен өткөрдүңөр. Күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өзүңөргө, ата-энеңерге, балдарыңарга, жакындарыңарга болгон коркунучка карабай, катаал илдет менен кармаштыңар», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдөгү медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи.

 «Ушул татаал сыноодо, эл тагдырын чече турган жагдайда, негизги үмүт, негизги күч —  өлкөбүздүн  дарыгерлерине жүктөлдү. Жалпы элибиз дарыгерлерибизге ишеним, үмүт артты. Элүү миңге жакын жарандарыбыздын өмүрүн сактап калдыңар. Ошол адамдардын баары, алардын жакындары сиздерге рахматын айтып, түгөтө албай келет», — деп баса белгиледи Президент.

Ал ооруга чалдыккандардын баарынын тең өмүрү сакталып калбагынын өкүнүү менен кошумчалады.

«Көп мекендештерибизден, кыргыз мамлекети үчүн опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздан айрылдык. Каза болгондордун бейишин тилейбиз. Алардын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма сакталат», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков эл аралык уюмдар жана өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосун белгиледи. Россия Федерациясынан, Кытай Эл Республикасынан медициналык адистер келгенин эске салды.

Ошондой эле ал өз Мекенине жардамга келишкен чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге ыраазычылыгын билдирди.

Бирок, Президент белгилегендей, коркунуч дагы эле бар, коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

«Саламаттык сактоонун жаңы объекттери курулууда, эскилери оңдолууда. Медициналык кадрлардын жетишсиздигин эске алып, медициналык жогорку окуу жайларында гранттык орундарды көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аткарчу иш, чече турган маселе көп экенине токтолду.

«Илдетке каршы күрөш —  саламаттыкты сактоо тармагындагы көп жылдар бою топтолуп келген көйгөйлөрдү ачыктады. Эң негизгиси — мындай оору боюнча адистешкен медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин көрсөттү. Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн системалык өзгөрүүлөр зарыл. Бул маселени Коопсуздук кеңешинин кароосуна алып чыгабыз. Атайын жыйын өткөрөбүз. Бардык мамлекеттик мекемелердин илдетке каршы биргеликте иштөөсүн камсыз кылуу үчүн негизги багыттарды аныктап, милдеттерди коебуз», — де п баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Саламаттык сактоо системасын башкаруунун, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле Саламаттык сактоонун бардык чөйрөлөрүнө санарип технологиясын кеңири киргизүү өзгөрүүнүн негизги максаты болот.

«Жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, калктын бардык катмарларын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Биз бул максаттарыбызды аткарабыз деп ишенимдүү айта алабыз. Анткени, кыйын күндөрдө элибизге тирек болгон Сиздер, урматтуу медиктер, барсыздар», — деп өзгөчө баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков бардык жарандарды бир милдет бириктирип турарын, ал — өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын мындан ары болтурбоо экенин кошумчалады.

«Биз мамлекеттик бийликтин, жарандык жана бизнес коомчулуктун, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктирүүнү көздөйбүз. Ошол эле учурда ар бир адамдан өзү жана жакындары үчүн бийик жарандык жоопкерчилик талап кылынат», — деп белгиледи Президент.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы дарыгерлердин талыкпаган эмгегин дагы бир ирет бийик баалады.

«Мен бүгүн сиздерге жогорку мамлекеттик сыйлыктарды терең сыймыктануу менен тапшырам. Бул сыйлыктарды элибиздин Сиздерге, сиздер аркылуу бардык дарыгерлерге көрсөткөн терең ыраазылыгы жана бийик урмат-сыйы деп кабыл алыңыздар. Бүгүн бул күрөшкө катышкан миңдеген дарыгерлерибизге таазим этип, рахмат айтабыз», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.