Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирүүсү боюнча бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Ош ш. – 4
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 5.
• Баткен облусунда – 7
• Нарын облусунда – 1
Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 33 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2829 учур катталды, алардын ичинен 1853 медкызматкер айыкты.