Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарынын аймактары дезинфекцияланды.


Тактап айтканда, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, 2020-жылдын 22-июнь күнү шаардагы ири делген Борбордук базар, Келечек жана Тешик-Таш базарлары толук залалсыздандырылды.
Эскерте кетсек, бул иш-аракеттер Республикасынын бардык аймагында улантылууда.


КР ӨКМ Басма сөз кызматы