Интернет аркылуу тарап жаткан Талас облусундагы Манас районундагы Покровка айылдык ооруканасына коронавирус менен ооруган чет элдик, тагыраагы түрк жараны жаткырылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттө өткөн короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу  жана  жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Жыйында белгиленгендей, 7-мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Башка мамлекеттердин аймагында жүргөн кыргызстандыктардын арасында коронавирус менен ооругандар жок.

Ал эми жоогорудагы жалган маалыматты таратып, элди дүрбөлөңгө салган айымдын аты-жөнү аныкталды. Ал Талас облусунун Манас районунун тургуну экени такталды.

Короновирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу  жана  жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб карапайым элден жалган маалыматтарга ишенбөөгө, бир гана өкмөттүн расмий маалыматтарына ишенүүгө чакырат.