Балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу багытында атайын буйруктардын талаптарын аткаруу максатында Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдардын көчөлөрү текшерилип, кечкисин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм аныкталып, милициянын таяныч пунктуна алынып келинип, өспүрүмдөрдү каттоо журналына каттап, ата-энесине өткөрүлүп берилип, түнкү убакта топтошуп мушташуу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Мындан тышкары кризистик жашоо шартына кабылган балдарды жана ата-энеси миграцияда жүргөн кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар уюштурулду.
Жашоо шарты начар үй-бүлөргө Нарын РИИБнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун демилгеси менен азык-түлүк жагынан жардам берилди.


Ошондой эле райондун аймагында сууга чөгүү фактысы орун алып жаткандыгына байланыштуу жаш өспүрүмдөргө жана ата-энелерге жайкы каникул убагы болгондуктан көзөмөлдү күчөтүүнү, сууга чөгүү фактыларын жана жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерге бет кап тагынып, өздүк гигиенасын туура сактоо жөнүндө тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат.


Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы