Колдоолор ар тараптан келүүдѳ. Бул жолу оор абалдагы жарандарыбыздын ѳмүрүн сактоо үчүн биздин мекендештер – Чикаго шаарындагы «Баракат» бирикмесинин мүчѳлѳрү Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешов менен биргеликте шаарыбызга тѳрт кычкылтек концентраторун белек кылды. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди.

Баш калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Муниципалитеттин, ишкерлердин, коомдук уюмдардын жана кайрымдуу жарандардын күчү менен ковид-19 менен күрѳшүү уланууда.

Эскерте кетсек, күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган күндѳн тартып 78 миң 648 адамды кабыл алды. Жеке ишкерлердин, кайрымдуу жарандардын колдоосу менен дарылоо жайларына кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер жана башка медициналык буюмдар алынып келинди.

Бишкек шаарынын мэриясы пандемия учурунда колдоо кѳрсѳткѳн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирет.