“Назар-ньюс” сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева Райымбек Матраимовду мамлекеттик кызматка сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына төмөнкүдөй жазып чыкты.

“Урушпагыла мени. Келгиле, Матраимовду мамлекеттик кызматка көрсөтөлү! Кыйын менеджер, стратег, көрөсүңөр мамлекетти 3 жылда оңдоп койбосо мага келгиле… Биз ач, сараң адамдарды бийликке алып келип, тойдура албай жатабыз, бул киши ток! Байкап, тарыхка сарасеп салсаңар кыргыздар кыйын уулдарын четке кага беребиз. Матраимов кыргыз элин ушунчалык жакшы көрөт! 3 жылда мамлекетти оңдоп салмак. Ишенбей жатасыңар да кааа-ап…”-деп жазды ал.