Бейруттун губернатору Марван Аббуд порттогу жарылуудан улам болгон чыгымды 3 миллиарддан 5 миллиард долларга чейин болушу мүмкүн деп баалады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү LBCI Nеws басылмасы жазып чыкты.

Губернатордун айтымына караганда, чыгымдын суммасы 5 миллиарддан да көп болушу мүмкүн.

Эске салсак, кечээ, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарынын портунда өтө күчтүү жарылуу болгон.

Акыркы маалыматтарга караганда, жарылуунун кесепетинен 100дөн ашуун киши көз жумса, 4 миңдей адам жаракат алган. Шаардагы ооруканалар толуп, жабырлануучуларды Бейруттун айланасындагы ооруканаларга жөнөтүшүүдө.

Шаардын бүт районундагы турак үйлөр жабыр тарткан, ал эми портко жакын жердеги имараттардын фасаддары урап түшкөн.

Бейруттун портунда жарылган аммиак селитрасы бийлик 2014-жылы конфискация кылган Rhosus кемесинде болгону айтылды. Кеменин ээси банкрот жарыялап, иш жүзүндө ал кемени таштап салган.

Батумиден Мозамбикке 2750 тонна селитра жүктөп бараткан кеме 2013-жылдын сентябрь айында бузулуп, Бейруттун портуна токтогон. Кемени текшергенден кийин, экипажга аны порттон чыгарып кетүүгө тыюу салынган. Ал эми конфискация болгон селитра Бейруттун портундагы кампада сакталып турган, ал жок кылынышы болчу керек эле.