Кытай Элдик Республикасынын түзүлгөн күнүнө жана “Күздүн ортосундагы майрам” өтө турганына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен Кыргызстан-Кытай чек арасынын участкасындагы «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пунктары 2020-жылдын 1-октябрынан 4-октябрына чейин жүк өткөрүү үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пунктары 2020-жылдын 5-октябрынан баштап кайра иштеп баштайт. Өзгөчө алгоритмге ылайык, өткөрүү пунктары аркылуу Кытайдан Кыргызстанга товарлар гана өткөрүлөт.