Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кубатбек Боронов Өкмөт кырдаалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн иштерди улантып жатканын баса белгиледи. Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып баштады. Борбордо Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан курулушка жер тилкеси аныкталып коюлган.

Ал ошондой эле Өкмөт тарабынан дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Өзбекстандан «гепарин» дарысынын бир партиясы келди, жакын арада Кытайдан бир топ дары-дармектердин келиши күтүлүп жатат, Индиянын жана Ирандын фармацевтикалык заводдору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле анын маалыматы боюнча, жакында Мамлекет башчысынын өлкөнүн алдыңкы медицина адистери менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндөгү сунуштарды эске алуу менен дарылоонун алгоритми жана протоколу өзгөртүлдү. «Гепарин» жана «клександы» алмаштырган дарылар колдонулуучу дарылардын тизмесине кирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков стационарлар менен обсервациялык аймактардын дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен камсыз болушуна көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы «Семетей» обсервациялык зонасынын ишинде өз деңгээлинде тартип жоктугуна көңүл бурду.

Кубатбек Боронов ал жактагы көзөмөл күчөтүлгөнүн, жакында аталган обсервациялык зонанын жетекчиси алмашылгандыгын билдирди.

Президент ошондой эле аймактардын тургундарын камсыздоо маселесине көңүл бурду, буга байланыштуу алыскы тоолуу аймактардын жана айрым облустардагы райондордун бири-биринен алыс жайгашкандыгын эске алуу менен дары-дармектерди жеткирүүнү иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Мындан сырткары, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү жөнүндө элге толук кандуу маалыматты электрондук форматта берүүнүн маанисин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарларына тез курулуучу конструкциядан ооруканаларды куруу боюнча өкмөттүк демилгени колдоого алды. Бишкек шаарынын мэриясы борборго инвесторлорду тартуу менен көп профилдүү оорукана куруу маселесин дагы иштеп жатканын кошумчалады.

Шаарлар менен райондордогу коомдук жайларды, көчөлөрдү дезинфекциялоо чараларын күчөтүүгө көңүл бурду. Жогоруда тизмектелгендер менен катар күзгү-кышкы мезгилге үзгүлтүксүз даярдыктарды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жакында Чүй облусундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасына барганда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан сертификаттардын берилбей жатканынан улам фабрика медициналык беткаптарды өндүрүүгө толук кандуу кирише албай жатканы белгилүү болгонун эске салды. Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаалда алардын социалдык багытта иштеп жатканын эске алуу менен ишкананын маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк түзүмдөр аталган маселени караштыра баштаганын билдирди.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча ар апта сайын онлайн-кеңешме өткөрүп келет.