Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди .

Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу. Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан оорчунду жана кечиктирилгис жумуштар аткарылышы зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө.


Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планы 44 объектте иш мерчемделип (3 объект кошумча), 7 ай ичинде 42 объектте жумуш жүргүзүлгөн. Натыйжада биринчи багыт боюнча 25 объект пайдаланууга берилип, 4 көпүрө, 1 жөө адамдар өтүүчү көпүрө, 8 шпора, 2985 пм дамба, 78 метр т/б коргочу тосмо (подпорная стенка), 285 м сел өткөрүүчү канал курулду жана 35600м3 селканалар тазаланды. Жыйынтыгында 2852 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду, 7714 кожолук жана 3781 га айыл чарба аянттары табигый кырсыктардан корголду.


Ал эми алдын алуунун экинчи багыты – “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына 312 обьект киргизилип, 2020-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 243 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 196 объектиде иш бүткөн жана 32 объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 5720 кожолуктун жана 2953,3 га чарба үлүш жерлерди, 11 мектеп, 7 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө, 400 метр автоунаа жол.


Жалпысынан 356 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 285 объектиде жумуш жүрүп, 221 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 13 434 кожолуктун жана 6734,3 га чарба аянттары, 11 мектеп, 7 бала бакча, 5 ФАП, 21 ЛЭП, 7 мечит, 1 устакана, 1 стадион, 7 көпүрө, 1 насостук станция, 1 суу түтүкчө корголуп, 2852 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.