Ырчы Бактыгүл Бадыева шоу-бизнес өкүлдөрүнүн демилгесин колдой өзүнүн атынан 2 жасалма дем алдыруучу аппарат алып берээрин айтат:

“Бир адамдан бир адамга өмүр демекчи. Азыркы абалдан чыгууга жардамчы болуу үчүн, кыргыз элиме 2 жасалма дем алдыруучу аппарат белек кылууну туура көрдүм.

Аны менен бирге элибиздин өмүрүн сактоого салымын кошо турган патриот ага-инилеримди, эже-сиңдилеримди катарыма кошулууга чакырам”.