2020-жылдын 2-июнунда болжол менен таңкы саат 05:55 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы үйлөрдүн жанында белгисиз жарандын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барган учурда, болжол менен 50-55 жаштагы азият улутундагы жаран киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Көрүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе 5-кичи районунда окуяга шектүү катары 1974-жылы туулган К.Э. кармалып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде Октябрь райондук ИИБгы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы