“Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек”. Бул тууралуу “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акциянын жүрүшүндө билдирди.


Ал партиянын курамындагы жаңыланууларга токтолуп, команда тазалануу процессин шайлоодон мурда эле баштаганын айтты.
“Партиянын курамы 97 пайызга жаңы жүздөр менен толукталды. Мурда саясатка эч качан аралашпаган таза, ак ниеттүү адистер чогулду. Тазалануу Жогорку Кеңештен башталашы керек. Биз жаңы деңгээлге таза чыгуу үчүн шайлоого аттандык. Тазалануу аракети Жогорку Кеңештин, аткаруу, сот бийлигинин баардык катмарына жетиши керек. Ошондо эл күткөн саясат жүрө баштайт”, – деди Ж.Сайдилканов.


Бүгүн, 1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.