MyCollages (2)

“Азаттык радиосунун” Борбордук Азия боюнча аймактык директору болуп Хамид Исмаилов дайындалды.

Хамид Исмаилов мурда Би-би-синин Борбордук Азиядагы редакциясын жетектеген.

Буга чейин “Азаттык радиосунун” Борбордук Азия боюнча аймактык директорунун милдетин аткаруучу болуп “Азаттыктын” кыргыз кызматын жетектеген Венера Жуматаева иштеп келген. Ал эми анын кыргыз кызматындагы милдетин Гүлайым Ашакеева убактылуу аткарып келген.

Хамид Исмаилов жаңы кызматка 1-февралдан баштап киришмекчи.

Белгилей кетсек, “Азаттыктын” Кыргызстандагы жана Казакстандагы кызматтарында ички чыр чыккан болчу. Кыргызстандагы мурунку “азаттыкчылар” Венера Жуматаеваны өзүнчө хандык кылып алды деп айыптап чыгышкан.

Ошондой эле, айрымдар аны мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жашыруун кызматташат, Атамбаев Жуматаевага хан сарай белек кылган деп чыгышкан. Ал тургай, бир нече коомдук ишмерлер менен медиа-эксперттер «Свободная Европа/Радио Свобода» радиосунун жетекчилигине кайрылып, медиа-корпорациянын Венера Жуматаева жетектеген офисин текшерүүнү талап кылышкан эле.