1. Арафа түнү бүгүн күн батканда башталат, андыктан эрте жатып уктаңыз.

2. Эрте менен саарлык кылуу үчүн эртерээк ойгонуңуз, саарлык убактысы Бишкек убактысы боюнча саат 03:53. Көрсөтүлгөн убакытка чейин ооз бекитиңиз.

3. Жок дегенде 4 ирекет тахажжуд намазын окуңуз. Башыңызды саждага коюп, Жараткандан дүйнө жана акыреттин жакшылыктарын сураңыз. Ушундай күндөргө жеткиргени үчүн, дин Исламды насип кылып, аманчылык тартуулаганы үчүн Алла Таалага алкыш-мактоолорду айтыңыз.

4. Багымдат намазынын убагы киргенге чейин «Таң жүргөндө (күнөөлөрү үчүн) кечирим суроочу пенделерин Алла көрүп турат» (Али Имран, 17-аят) аятындагы пенделерден болуу үчүн истигфар менен алек болуңуз.

5. Багымдат намазынын азанынан беш мүнөт мурда сиз намазга даяр болуңуз. Элестетип көрүңүз, дааратыңыздын акыркы тамчылары менен даарат алгандагы дене мүчөлөрүңүздүн баарынан күнөөлөрүңүз агып, чыгып кетип жатат.

6. Даарат алып бүткөндөн соң төмөнкү дубаны окуңуз:

أشْهَدُ أنْ لا إله إِلاَّ اللَّهُ وَحْدَهُ لا شَرِيك لَهُ ، وأشْهَدُ أنَّ مُحَمَّداً عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ ، اللَّهُمَّ اجْعَلْنِي مِنَ التَوَّابِينَ ، واجْعَلْني مِنَ المُتَطَهِّرِينَ ، سُبْحانَكَ اللَّهُمَّ وبِحَمْدِكَ ، أشْهَدُ أنْ لا إلهَ إِلاَّ أنْتَ ، أسْتَغْفِرُكَ وأتُوبُ إِلَيْكَ. (رواه مسلم و الترمذي عن عمر بن الخطاب رضي الله عنه)

“Ашхаду аллаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лах, ва ашхаду анна Мухаммаддан ъабдуху ва росуулух. Аллохумм-ажъалнии минат тавваабийна важъалнии минал мутатоххирийн. Субхаанакаллохумма ва бихамдика, ашхаду аллаа илааха иллаа анта, астагфирука ва атуубу илайка” Умар ибн Хаттабтан (разияллоху анху) Имам Муслим жана Имам Тирмизий риваяты.

7. Багымдат намазын окуп, салам бергенден соң артынан дароо үч жолу такбири ташрикти айтыңыз:
اللهُ أكبر اللهُ أكبر، لا إلهَ إلَّا الله، واللهُ أكبر اللهُ أكبر، ولله الحَمْد
Аллоху акбар, Аллоху акбар, Лаа илааха иллаллоху валлоху акбар Аллоху акбар, валиллахил хамд. (Арапа күнүнүн (30-июль) багымдат намазынан баштап, ташрик күндөрүнүн акыркысы (3-август) күнүнүн аср намазына чейин (жалпы 23 убак намаздын артынан) айтылат.)

8. Андан кийин жайнамазда күн чыкканга чейин Куран, таңкы зикирлер менен алек болуңуз. Күн чыгып (Бишкек шаары боюнча 30-июлда күн чыгуу убактысы 05:51) он беш мүнөт өткөндөн соң…

9. Бир ажылык жана бир умранын сообуна ээ болуу үчүн “Ишрак” намазын окуңуз.

10. Сиздин эми тандоо укгуңуз бар. Эгер уктабастан бул күндү өткөрө алсаңыз, уктабаңыз. Ар бир көз ирмемди канимет билип зикирлерди айтып, дуба кылыңыз. Ошондой эле кылган дубаңыздын кабыл болуусуна ишениңиз.

11. Же болбосо Алла Таалага ибадат кылуу үчүн күч топтоп алуу ниетинде бир сааттай уктап алсаңыз болот.

12. Андан соң ойгонуп даарат алыңыз. Эң аз дегенде 4 ирекет Зуха намазын окуңуз. Айрыкча такбир айтууну, зикир, тилават кылууну унутпаңыз. Ошондой эле төмөнкү зикирди көп айтыңыз:

«Ла илааха иллаллоху Вахдаху лаа шарийка лах. Лахул мулку ва лахул хамду ва Хува ъалаа кулли шайъиң Кодийр».

13. Бешим намазын окуңуз. Такбир айтыңыз. Курандан бир аз тилават кылыңыз.

14. Бүгүнкү дуба кабыл боло турган күндө көзү өтүп кеткен жакындарыңыз жана жалпы көзү өтүп кеткен момун-мусулмандарга да Куран окуп дуба кылып коюңуз.

15. Аср намазын окуңуз. Такбир айтып кечки зикирлер жана дуба кылуу менен алек болуңуз.

16. Шам намазына бир саат калганда Куран окууну баштаңыз. Көкүрөктөгү тилектериңизди чын ыклас менен дубаларга төгүңүз.

17. «Эй, Роббим ушул күндүн күнү батып жатат, мени тозоктон азат болуп, бейиштик деп жазылган пенделериңдин катарына кошо көргүн» — деп дуба кылыңыз.

18. Алла Таала сизди салих амалдарга ылайыктуу кылсын! Дубаларыңыздын кабыл болуусуна биз да тилектешпиз!

19. Шамга азан айтылды. (Бишкек убактысы боюнча 30-июль ооз ачуу жана шам намазынын убактысы 20:29) ооз ачууну баштаңыз.
Ага чейин көп дуба кылыңыз. Эсиңизде болсун, орозо кармаган адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот!

20. Бул эрежени үй-бүлөңүз, жакындарыңыз жана бейиште бирге болууну каалаган досторуңузга жеткириңиз!

Эскертүү: ооз ачууда жана бекитүүдө ар бир аймак календарь боюнча өзүнүн убагына карасын!

Абибилла Кадырбердиев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы