Кантейин?.. көздөрүңө тунуп алып,
Кадырлуум ырларыма жууруп алып.
Сагынычты кайрадан баштайынбы?
Санаа эмес, кубанычтан жаштайынбы?
“Мендиксиң”-деген сөзүң угуп алып.

Сенин барың жазылып бүтпөсүмбү?..
Салыштырып бере алгыс түстөсүңбү.
Арналып эң таттуу балы кептин,
Азыр эле узатып жаңы кеттиң,
Ананыраак уктасам түштөсүңбү?!..

Жанашып жанымда эчен болдуң,
Жашырып көп сырды бекем болдуң.
Жаңырган ырларда арманда сен,
Жашоомдо чыныгы каарманда сен,
Поэзиялык ошондо кечем болдуң.

Сенин анык сендигиң менде калсын,
Сезимдерди козгогон эмне жансың.
Эргүүмдөй кокус келген аян болуп,
Эч качан бүтпөгөн баян болуп,
“Баш тартпас жолумда” сенда барсың!

Оо бакыт!.. тепкичтериң, жолуң бийик,
Ооба мен жакшылыктын тонун кийип.
Өзүмдү, өзүңдүкү атап жатам…
Өзгөчө бактылуу жашап жатам,
“Апаң салган сөйкөгө” -колум тийип!..

Биз эми, бирге болуп калыптанабыз,
Биз эми, бирге баарын аткарабыз.
Ал күндү батыра албайм оюбузга,
Аз калды белгиленген тоюбузга…
Буйруса турмуш жолго аттанабыз!

Автор: Мырзайым Айтимбетова