Кыргызстанда ооруканаларда 7 миң 382 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 2 миң 356 адам жана 5 миң 26 бейтап пневмониядан дарыланууда.

“Бишкек шаарында 2 миң 752 киши, Ош шаарында – 539, Чүй облусунда – 802, Ош облусунда – 1 миң 190, Нарын облусунда – 150, Ысык-Көл облусунда – 736, Жалал-Абад облусунда – 654, Талас облусунда – 162, Баткен облусунда 397 бейтап ооруканаларда дарыланууда болууда”, – деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 412 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 37 миң 541ди түзөт. Алардын ичинен 28 миң 743 киши айыгып чыкты, 1 миң 427 адам каза болду.