КР президенти Сооронбай Жээнбеков жана РФ президенти Владимир Путиндин бир катар жетишилген макулдашууларынын натыйжасында Россия тараптын колдоосу менен пандемия кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар башталган. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Жогоруда айтылган өлкө башчыларынын келишимдерин ишке ашырууга үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Кыргызстанга Роспотребназдын делегациясы, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги келген, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал иликтенип, COVID-19 илдетинин жайылышы менен күрөшүүдө практикалык көмөк көрсөтүлгөн.

Кыргызстанга Россиядан медкызматкерлерден турган чоң топту жиберүү боюнча эки тараптын ортосунда маселе каралып жатат. Айта кетсек, Кыргызстандын медициналык мекемелеринде иштөөгө жана кеңеш берүүгө Россиядагы Башкортостан Республикасында 51 медициналык кызматкерден турган команда топтолду. Аталган дарыгерлер тобу 22-июлда келери күтүлүүдө.

Росиия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан гуманитардык жардамдын келери пландалууда.

Мындан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын региондор аралык кызматташуусунун алкагында, Чечен Республикасынан медициналык дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардам берилери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясы буга чейин Кыргыз Республикасына ПЦР-тест-системаларын (110 миң изилдөөгө), дары-дармектерди, медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшыруу менен коронавирус менен күрөшүүгө активдүү жардам берип келет.