Бишкек шаарынын сотторунда 2020-жылдын 7-июлунан тартып  сот отурумдар видеоконференция байланыш аркылуу ѳткѳрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай иш чаралар сот системасы тарабынан сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана  коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ үчүн колдонулуп жатат.

Бир нече күндүн ичинде Бишкек шаарынын соттору жазык жана жоруктар иштер боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталына 141 ишти карап чыгууга ѳтүнүч киргизишкен. Ал иштер боюнча 49 сот отурум ѳткѳзүлгѳн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Кыргыз Республикасынын Сот департаментине караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап, жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн  иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында же жарандын жашаган жерине жакын арадагы сот отурумдары аудио-видеофиксация системасы менен жабдылган сот органдарында видеоконференц байланыш аркылуу айыпталуучулардан, күбѳлѳрдѳн, жабырлануучулардан  сурак алуу үчүн шарттар түзүлгѳн.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолуучуларды жана соттолгондорду  сот залдарына алып келүү аракетин   COVID-19 короновирус инфекциясынын жайылышына жана пневмония оорусу күчөгөндүгүнө  байланыштуу убактылуу токтоткон.