Телеалпаруучу өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга капа болуп, инстаграм баракчасынан агынан жарылды.

“Бул акмактар акчасына эле капельница сайып берип, өз элине каралашып койсо болбойбу?! Эң бай деген Шаки байкем, кайрымдуулугунуз кана? Анда сөз башынан болсун.

Мамам ооруп, экөөбүздүн кыдырбаган жерибиз калган жок. Кусуп жатканынан врач аяш атабыздан “направление” алып, ушул жерге келдик. Гастроскопия кылып беришти 1000 сомго, “капельницаны 150 сомго кылабыз” дешти. Бирок, гастроскопиядан кийин эле капельница кылгандан баш тартышты, себеби биз 2 челек сайдырып, койканы узагыраак ээлей турганыбызды билишти да, “карантин кылгыла укол сайбагыла” деди деп эшикке чыгарып коюшту. Андан чыгып, темселеп кыдырбаган жерибиз калган жок, капельница койдурабыз деп. Акыры ИИМдин поликлиникасына бардык, себеби мамам ал жердин пенсионери эле. Ооруган милициялардан бут коёрго жер жок. Врачтар аз, оорулуу көп. Бир байке кышылдап, мылтыгы ары жакта, кагазы бери жакта жатты. Аларды чар жайыт таштап, өзү бутуна араң турат, улам жөтөлөт. Ошол байкеге боорум ооруп жатып, үйгө келип мен да кышылдап өпкөм кармап жатып калдым. Ал жерден дагы капельница ала албадык, медсестралар бирөөнүн рецептин сайбайбыз дешти. Врачка кезекке туруп араң кирсек, ал башка рецепт жазды. Ошентип шалдырап, эсинен танып бара жаткан энем менен шаар аралап араң бир жеке клиникага кирип жалдырап жатып  500 сомго капельница алып чыктык. Учурда Апамдын абалы туруктуу. Мен болсо 3 күндөн бери дарыланып жатам. Эч бир 118 чалбадым. Чалганда эмне?..

Айтайын дегеним меценаттар, байлар азыр пайдасы тийбеген медицина борборлоруңардын эртеңки жыргал жашоодо зарылдыгы жок. Азыр мага окшогон элдин убалына калганча батасын алгыла же такыр эле карантин деп эшигин жаап койгула. Жолуңар болсун силердин. Силер эч качан элди ойлогон эмессиңер, ойлобойсуңар дагы…” деп жазды.