Бүгүн,2020-жылдын  24-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйыны өттү. Жыйында БШКнын төрайымынын орун басары Ош облусунун Араван районунда орун алган массалык мушташ боюнча маселе көтөрүп, ошол окуяга тиешеси бар деп аты аталган “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер Ильхом Маннановду, “Биримдик” партиясынан талапкер Шүкүрулло Файзуллаевди каттоодон чыгарып салууну сунуштады. Мындан сартыкары партияларга да эскертүү берүү сунушталды.

БШКнын мүчөлөрү укук коргоо органдарынын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы менен таанышып, жыйынтыгында аталган 2 талапкерди  каттоодон алып салуу сунушун колдоду. Ал эми “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларына эскертүү берүү сунушу колдоого ээ болгон жок.

Эске салсак, 20-сентябрь күнү Араван районунда үгүт учурунда мушташ чыгып, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган.

Араван району: Мекеним Кыргызстан менен Биримдиктин жаңжалы! Башталас…

Опубликовано Мирбеком Уметалиевым Воскресенье, 20 сентября 2020 г.

“Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары бул окуяны чагым деп атап, өз алдыларынча билдирүүлөрдү жасашкан болчу.

Ал эми ИИМ өз кезегинде бул окуяга жол берген Араван РИИБинин жетекчиси кызматтан четтетилип, бир катар кызматкерлер тартип жазасына кириптер болгонун билдирген.