Кыргыз эстрада ырчысы Анжелика курбулары менен жазышкан билдирүүлөрүн белгисиз бирөө кайра өзүнө жиберип жатканын айтат:

“Курбуларым менен жазышкан маалыматтар кээ бирлерге дароо жете турган эмне болгон программа бар? Кандай жол менен билбейм, бирок өзүмдүн жазышкандарымды кайра өзүмө жиберип жатышат.

Мен ыйлап жатсам арман меники! Кээ бирлерге сын экен. Бүгүн эрте мененки 6:45теги жазышкан билдирүүлөрүмдү белгисиз номер жөнөтүп шылдыңдап жаткандай”.

Андан сырткары аталган билдирүүлөрдүн биринде ырчы айымга “Сени кош бойлуу деп жатышат. Ошондуктан, учуп кеттиң” деген билдирүү келген.

Аталган билдирүүгө Анжелика “Мындай ушактарды эркектер чыгарат окшойт. Боюмда жок!”,- деп жооп берген.