Кыш мезгилине даярдыктарды көрүүнүн алкагында суу түтүктөрүнүн бекиткичтерин алмаштырууга байланыштуу, 1-октябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин «Ынтымак» жаңы конушунда жана «Арча-Бешик» жаңы конушунун биринчи көчөсүнөн жетинчи көчөсүнө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конуштун бардык тургундарына жана мекемелерге МАБ, кварталдык комитеттердин төрагалары аркылуу сууну өчүрүү боюнча кошумча маалыматтар берилет.

“Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чалсаңыздар болот.  Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жибериңиздер», – деп айтылат маалыматта.