Республикалык жана шаардык маанидеги 25 медициналык мекеменин эмгек өргүүдө жүргөн медициналык кызматкерлерин ишке чакыртууну тездетүү зарыл. Мындай тапшырманы медицина мекемелеринин жетекчилери менен онлайн режимде өткөн кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди. 

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга саламаттык сактоо мекемелеринде бүгүнкү күнү иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин саны боюнча маалымат берилди.

«Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400дөн ашуун кошумча орун даярдоонун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бирок медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси курч турат. Аймактардан бери медкызматкерлерди тартып жатабыз. Өлкө аймагынан тышкары иштеген кыргызстандык дарыгерлер да жардамга тартылышты. Ушундай шартта биз эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз. Аларды ишке чакыртуу кажет. Бул өтө зарыл. Ден соолугуна жана жаш курагына карап аралыктан иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен тышкары эмгек өргүүдө жүргөн бардык медициналык персонал ишке чыгарылсын», – деп белгиледи Өкмөт башчы. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов эмгек өргүүдөн чакыртылган медкызматкерлерди бейтаптардын саны көптүгүнө байланыштуу жаңы ачылган стационарларга бөлүштүрүүнү тапшырды. 

«Ар бирибиз эс алышыбыз керектигин түшүнүп турам. Бирок эмгек өргүүдө жүргөн медкызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө турган кесиптештерине тилектештик көрсөтүшү зарыл. Алардын эмгек акысы тиешелүү түрдө берилет. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы жана өмүрү үчүн күрөштө бардык күч-аракетибизди жасап, кадимки жашоого кайтуу үчүн азыркы кыйынчылыктарды жеңүүгө тийишпиз», – деди Кубатбек Боронов.