2020-жылдын 5-августу – Беш жылда USAIDдин Борбордук Азиядагы АИВ (ВИЧ) боюнча “Флагман” долбоору Кыргызстанда 57 миң АИВ тесттерин өткөрүп, АИВдин мурун аныкталбаган жаңы 1200 учурун аныктоого жардам берген. Аталган долбоор аркылуу АИВ менен жашаган дээрлик 2 миң адам дарыланууну баштаган же улантышкан. Ушул жана башка долбоордун ишинин натыйжалары бүгүн долбоордун жабылуусуна арналган онлайн-конференцияда талкууланды.

Кыргызстанда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган “Флагман” долбоору Бишкек жана Ош шаарларын, Ош жана Чүй облустарын камтыган. Бул аймактарда Кыргызстан боюнча АИВ оорусунун эң жогорку көрсөткүчтөрү аныкталган. 
“АИВ тести эпидемияга каршы күрөшүүдө маанилүү иш-чара болуп саналат. Канчалык көп учурду аныктап, көпчүлүгүн дарыланууга тартсак, ошончолук жакшы болот.  Көптөгөн адамдар өзүнө өзү тест жасоонун жардамы менен коопсуз, жашыруун жана акысыз түрдө АИВ тестирлөөсүнөн өтө алышты” – дейт долбоордун Кыргыз Республикасындагы координатору Оксана Катькалова.

Инъекциялык баңги заттарды колдонуучулар, эркектер менен жыныстык катнашка барган эркектер сыяктуу топтордун өкүлдөрү алар дуушар болгон айыптоолордон жана басмырлоодон улам көпчүлүк учурда медициналык мекемелерге кайрылуудан баш тартышат. Долбоор ушундай жашыруун топторду тартып, алардын арасында АИВ оорусунун жаңы учурларын аныктоо жана АИВ менен жашагандарга колдоо көрсөтүү үчүн алардын өкүлдөрү менен иш алып барган.

2016-жылдын май айынан тартып долбоор бул ооруга чалдыккан адамдарды дагы көбүрөөк аныктоо жана дарылоо үчүн АИВге текшерүүнү жайылткан. Долбоор АИВ тести өлкөдө тез, жөнөкөй жана так болушу үчүн ар кандай бейөкмөт уюмдар менен кызматташып келди. Акыркы жылда долбоор Кыргызстанга биринчи жолу каалаган киши АИВге өзүн-өзү текшере ала турган тесттерди алып келди. Бул тесттер медициналык уюмга келе албай жүргөн 900дөн ашык адамга өзүн өзү текшерүү мүмкүнчүлүгүн берген.

“Флагман” долбоору АИВ менен жашаган адамдар менен иштеген мамлекеттик медициналык уюмдарга да колдоо көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык СПИД борборуна долбоор АИВ менен жашаган адамдарга байкоо жүргүзүү боюнча иштелип чыккан электрондук системаны өткөрүп берген.

Борбордун директору Умуткан Чокморованын сөзү боюнча, бул жаңы аспаптар мамлекетке АИВ менен жашаган адамдарды аныктоо жана дарылоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө жардам берет. Бул система мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында бейөкмөт уюмдар менен да кызматташууну бекемдээрин белгилеп кетти.

ЮНЭЙДС/ДССУнун маалыматы боюнча, Кыргызстан дүйнө боюнча АИВдин эң жогорку өсүү темптери байкалган өлкөлөрдүн арасына кирет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миңден ашык учур катталган, бирок көбүнүн баамында АИВ менен жашаган адамдардын чыныгы саны кыйла көбүрөөк. USAID АИВ оорусуна жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасын колдоону улантат.