90711.jpg_w780_h540_crop

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна барат. Бул тууралуу Президенттиr Аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Бир күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы аймактагы коронавирус пандемиясынын шартындагы айыл чарба жана энергетика объектилеринин иши менен таанышат.