Бүгүн, 2020-жылдын 23-июлунда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Кызыл-Кыя шаарынын Жал-Сай сел өтүүчү сайын көргөнү барды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Кара–Козу айылынын Краснопартизанская жана Панфилова көчөлөрүнүн жашоочулары кайрылган. Автомобилдер өтүүчү көпүрөнүн аралыгындагы Жал-Сай сайындагы курулган сел тосмолорунун (порогдун) саны 13 даана, селдин кесепетинен толугу менен бузулган.

Ошондой эле Краснопартизанская жана Панфилова көчөлөрүнүн элдерин байланыштырган жөө өтүүчү көпүрөнү сел жууп, темир мамычадан тугузулган көпүрөнүн түркүктөрү кооптуу абалга келген.

Министр З.Аскаров тиешелүү жетекчиликке Краснопартизанская жана Панфилова көчөлөсүндөгү жашоочулардын турак-жайларын коргоо максатында сел тосмолорун кайрадан сапаттуу куруу боюнча тапшырма берди.