WhatsApp Image 2020-08-12 at 06.05.02

Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан коомдук жайларда жүргөн жарандарга кылмыштуулукту алдын алуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарада эл көп чогулган аймактарда кызматкерлер тарабынан кайгуул уюштурулуп, коомдук жайлардын администрациялары менен биргеликте жарандарга санитардык талаптарды туура сактоо боюнча эскертүү иштери жүргүзүлдү.
Андан сырткары Москва районунун ИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан алдын алдын алуу рейди уюштурулуп, түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүрүшкөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып аларга балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.