23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, драматург Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын тунгуч Баатыры, ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын патриархы, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, академик Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган сыйлык Түгөлбай Сыдыкбековдун көзү тирүү кезинде түзүлгөн Кыргызстан элдер Ассамблеясынын эл аралык “Түгөлбай -Ата” коому тарабынан негизделип, чыгармачыл адамдарга берилип келет.