«Бүгүнкү күндө көрсөтүлгөн сумманын ичинен 291,9 млн АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түштү. Жыл аягына чейин бюджетти колдоого Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан – 100 млн АКШ долларын тартып келүү пландалууда. Бул багытта донорлор менен сүйлөшүүлөр уланууда”,- деп билдирди Финансы министри Бактыгул Жеенбаева.

Анын айтымында, Өкмөт тарабынан 1-апрелден 22- июнга чейин Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен 13,9 млрд сом социалдык маанилүү иш-чараларга сарпталган.